Кыргызстандын ардактуу архитектору Равиль Муксинов көз жумду
Кыргыз-Орус славян университетинин архитектура факультетинин деканы, профессор Равиль Муксинов каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда Министрлер кабинетинен билдиришти.
Белгилүү окумуштуу, архитектуранын доктору, профессор, КРСУнун архитектура, дизайн жана курулуш факультетинин деканы, Кыргызстандын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, өлкөбүздүн ардактуу архитектору Равиль Мунировович Муксинов узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтты.
Равиль Муксинов өзүнүн илимий ишмердүүлүгүн архитектуранын теориясы менен тарыхына, Чыгыштын архитектуралык мурастарын изилдөөгө, жарандык турак жай имараттарын жана курулуштарын долбоорлоого арнаган.
Таланттуу архитектор Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына, Ленинградда блокадада калгандарга арнап, Кыргызстанда жана башка жерлерде көптөгөн архитектуралык комплекстерди, монументтерди, эстеликтерди жасаган.
Муксинов сиңирген эмгеги үчүн Орусиянын жана Кыргызстандын бир нече мамлекеттик сыйлыктарына татыган. Ал Улуу Екатерина ордени, КРСУнун башкы корпусунун маңдайындагы А.С.Пушкиндин эстелиги үчүн “Пушкин медалы” аттуу Орусиянын президентинин мамлекеттик сыйлыгы, издөө жана мемориалдык иши үчүн Орусиянын Коргонуу министрлигинин артыкчылык белгиси менен, архитектура жана шаар куруунун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Кыргызстандын президентинин Ардак грамотасы жана башка көптөгөн сыйлыктар менен сыйланган.



