super.kg logo

"Эрдик кылсаңыз сүрө кылыңыз". Шайлообек Атазов Камчыбек Ташиевге кайрылды

 

Депутат Шайлообек Атазов Профсоюздар федерациясы боюнча маселени бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңеште көтөрдү.

Ал Профсоюздар федерациясынын ишине тиешелүү органдар реакция кылбай жатканын, бардыгына өлкө башчы өзү киришкенде гана иштер жылып жатканын айтты.

"Кечээ көчмө жыйында президентибиз тапшырманы бергенде гана кыймылдап баштады. Башкача айтканда, президент салык боюнча маселе болсо "Дордойго" барат, Циркте көйгөй болсо ал жакка барат, Профсоюздар боюнча тапшырма берет. Башка органдар кыймылдабай жатат десек болобу?", - деди Атазов.

Ал ошондой эле трибунадан бул боюнча УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылды.

"Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, эрдик кылсаңыз сүрө кылыңыз. Ушул профсоюздардын кылмыштуу ишин аягына чыгарып бериңиз. Көзөмөлгө алып коюңузчу. Булар мени, Чолпон Аалыевнаны жана башка эки-үч депутатты, эксперттерди сотко беришиптир. Эми биз алар менен мыйзам чегинде күрөшөбүз, коркпойбуз", - деп кошумчалады Атазов.






Шайлообек Атазов Камчыбек Ташиевге кайрылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: