super.kg logo
  Саясат  

Жамгырчиев Бишкекте коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн жол тилкелери тыгын жаратып жатканын айтты

 

Депутат Эмил Жамгырчиев коомдук транспортко арналган жол сызыгына байланыштуу Бишкектин түштүгүндө жол тыгыны жаралганына нааразычылыгын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Эл өкүлүнүн айтымында, коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн жол тилкелери жарандарга тоскоолдук жаратууда.

"Түштүк магистралдан мурда шаардын борборуна чейин 25 мүнөттө келчүбүз. Азыр бир жарым сааттык жол жүрүп жатабыз. Мэрия кошумча автобустардын жол тилкесине түшпөш керек деп токтом чыгарып коюптур. Жол аябай тыгын болуп жатат. Ал бир эле Түштүк магистралга тиешелүү эмес, ошого кирген кичинекей жолдордун баары тыгын болууда. Ошол токтомду жокко чыгарып же башка шарт түзүп берсин", - деди Жамгырчиев.

Ошондой эле ал автобустар жарым саатта бир каттап жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, буга чейин коомдук транспорт үчүн Бишкектин айрым жолдорунда жол тилкелери бөлүнгөн. Бул тургундардын нааразычылыгын жараткан. Өз кезегинде Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров бул унаа тыгынын жаратарын, бирок эл акырындык менен коомдук транспортко көнүшү керектигин айткан.






видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: