super.kg logo
  Саясат  

"Цирк каякта экенин көрсөтүп коёюнбу?" Атазов Байсаловду жарга такады (видео)

 

Бүгүн, 13-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду сынга алды.

Атазов кесиптеши Надира Нарматова сүйлөп жатса, Байсаловду баш чайкап жатат деп айыптады.

"Кечирим сураганы келдиңизби, эркекче кечирим сурабайсызбы. Сиз парламент мага элдин атынан тапшырма бергиле деп айткансыз да, туурабы? Эмне үчүн сизге тапшырма бербешибиз керек", - деди Атазов.

Ошондой эле ал Байсаловго илгертен демократияны жактап жүргөндүгүн эске салып, бийликке баргандан кийин чапанын тескери кийип алганын айтты.

"Билим берүү министрлиги баткакка батты. Ошолорго сиз жооп беришиңиз керек да, бул жакка келип, парламентти цирк деп айтпай. Цирк каякта экенин билесизби же көрсөтүп коёлубу? Өзүңүз сүйлөгөнүңүздү билесизби? Кофе ичип бүткөндөн кийин карасаңыз, эмне деп сүйлөгөнүңүздү", - деди эл өкүлү.

Мындан сыркары Атазов Байсаловго президент менен парламенттин ортосуна жарака кетирип жатканын айтып, нааразычылыгын билдирди. Депутат сөзүнүн соңунда аны кечирерин кошумчалады.

Белгилей кетсек, ага чейин Байсалов депутаттардан расмий түрдө кечирим сураган.

Өз кезегинде төрага Нурланбек Шакиев бул акыркы эскертүү экенин белгилеп, депутаттарды кечиримдүү болууга чакырган.






Жогорку Кеңеш 13.09.23.

Жогорку Кеңеш 13.09.23.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: