super.kg logo
  Саясат  

Депутат Алымкадыр Бейшеналиевге: "Сизге кылмыш иши козголгондо баары сизди сатты, туурабы?" 

 

Бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңеште жаңы үч министрди кызмат ордуна бекитүү маселеси каралып жатат.

Анда депутат Жусупбек Коргонбай уулу Алымкадыр Бейшеналиевге кылмыш иши козголгондо аны жанындагылардын баары сатып кеткенин айтты.

"Алымкадыр Савырдинович, сиздин кайтып келишиңизге чын жүрөктөн кубанып жатам. Сиз февралда министрликтен түшүп, сизге кылмыш иши козголгондо жаныңызда эч ким калган жок. Үч орун басарыңыз сизге каршы чыкты. Сизге кеңеш айтат элем да, командаңызды түптөсөңүз. Чоң-Чоң реформага барыш үчүн жетекчинин жанында күчтүү команда болуш керек.

Сиз кеткен күнү сизди баары сатты. Туурабы? Андыктан бүгүн шайланып калсаңыз команданы түптөңүз. Реформага барыш үчүн жаныңыздагылар колдоп туруш керек. Туура айтамбы?", - деди Жусупбек Коргонбай уулу.

Өз кезегинде Алымкадыр Бейшеналиев депутат туура айтканын, азыр өзүнүн командасын топтоп жатканын айтты.






Жусупбек Коргонбай уулу Алымкадыр Бейшеналиевге кеңеш берди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: