super.kg logo

Кыргызстан менен Корея экология жаатында кызматташууга кызыкдар 

 

Кыргызстандын элчиси Аида Исмаилова Кореянын айлана-чөйрөнү коргоо министри Хан Хва-Джин менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, жолугушуунун жүрүшүндө Исмаилова Кыргызстан экология, айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүүсү маселелерине артыкчылык маани бергендигин белгиледи.

"Кореянын "жашыл өнүгүү" тармагындагы алдыңкы тажрыйбасын эске алуу менен кыргыз тарап чакан ГЭСтерди, күн станцияларын куруу, таштандыларды акылдуу башкаруу жана электромобилдерди ишке киргизүү жаатында ар кандай долбоорлорду ишке ашырууга жана кореялык министрдин Кыргызстанга расмий сапарын уюштурууга кызыкдар", - деди элчи.

Кореянын айлана-чөйрөнү коргоо министри Хан Ва-Джин өз кезегинде экология тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу экология жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы кыргыз-корей кызматташтыгын өнүктүрүүгө корей тарап кызыкдар экендигин белгиледи.

Мындан тышкары, тараптар Кыргызстанда акылдуу ирригациялык системаны түзүү жана табигый кырсыктар жөнүндө эскертүү системасын киргизүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Жолугушуунун аягында министр Хан Хва-Джин мындан аркы кызматташууну кеңири талкуулоо үчүн жакынкы аралыкта Кыргызстанга иш сапары менен барууга даяр экендигин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: