Бишкектин Байтик баатыр көчөсүндөгү эс алуучу аянтчанын курулушу аяктады




"Бишкек жашыл чарба" ишканасынын кызматкерлери Байтик баатыр жана Саманчин көчөлөрүнүн кесилишинде дагы бир сквердин курулушун аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, "Бишкек жашыл чарба" ишканасынын кызматкерлери аянты 120 квадрат болгон сквердин бордюрун жана тротуарын орнотушту .
"14 даана Б3 сугат лотоктору (ар бири 3 метр) орнотулуп, курулуш иштери аяктагандан кийин жарандарга жана жакынкы үйлөрдүн жергиликтүү тургундарына ыңгайлуу болушу үчүн дароо отургучтар жана таштанды челектери орнотулду.
Албетте, кызматкерлер жаңы аянтты жашылдандыруусуз калтырышкан жок. Жеринде топурак себилип, андан ары жашылдандырылып, газон чөптүн уруктары себилди", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, бул аймак мурда пайдаланылбай, караңгыда балдарга кооптуулук жараткан.

