"Клооп" басылмасы министрликтин талабын аткарбай турганын билдирди
"Клооптун" басылмасы Маданият министрлигинин сайттагы материалдардын бирин өчүрүү талабын аткарбай турганын билдирип, бул боюнча макала жарыялады.
Анда басылма министрликтин макаланы өчүрүү талабы аткарылбаса, "Клооптун" сайты толугу менен бөгөттөлөт деген эскертүүсүнө таң калбаганын жана бөгөттөөгө мурда эле даяр болгонун билдирген.
"Бийлик бизге компромисске келүүнү — оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганын айтып даттанганы жөнүндө жаңылыкты өчүрүүнү сунуштады. Албетте, биз эч нерсени өчүрбөйбүз. Аталган жаңылыкта кандайдыр бир такталбаган маалымат бар деп эсептебейбиз. Ал эми бийликтин өжөрлөнүп, кандай ыкма менен болсо да оозубузду жабууга аракет кылганы ансайын күмөн ойлорго түртөт", - деп жазган басылма.
Эске салсак, 7-сентябрда "Клооп" басылмасы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги сайттан "Саясатчы Равшан Жээнбековдун СИЗО-1де кыйноого кабылганын айтканы" боюнча макаланы өчүрүп салуусун талап кылганын билдирген. Министрлик анык эмес маалымат боюнча мыйзамга ылайык, макаланы өчүрүп салууга эки жумушчу күнүн бергенин, эгер талап аткарылбаса анда сайтты эки айга чейин жаап салуу чечимин кабыл аларын айткан.





1 |