Бир жумада 3 миң тоннадан ашык айыл чарба продукциялары экспорттолду
Өлкөдө бир жума ичинде 3 миң 544 тонна айыл чарба продукциялары экспорттолду. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин кызматкерлери тарабынан 1-7-сентябрга карата республиканын чек арасында жана аймагында экспорттоолуучу 3 миң 544 тонна ата-мекендик айыл чарба продукциясына карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлдү.
Экспорттук көлөмү боюнча:
- Ош облусунан 1724 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолгон, 98 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Ош облусунан 615 тонна кургатылган жемиштер Орусия, Казакстан өлкөлөрүнө экспорттолгон.
- Талас облусунан 639 тонна айыл-чарба продукциясы экспорттолуп, 109 фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Талас облусунан 79,6 тонна томат Казакстанга, 277 тоннаболгар калемпири 145 тонна шабдаалы, 66 тонна буурчак өсүмдүктөрү экспорттолгон.
- Чүй облусунан 614 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолуп, 230 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Чүй облусунан 375 тонна жемиштер Орусия, Казакстан, Беларусь өлкөлөрүнө экспорттолгон.
- Баткен облусунан 367 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолгон. 15 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Баткен облусунан 146 тонна алма, 106 тонна картошка Өзбекстан өлкөсүнө экспорттолгон.
- Ысык-Көл облусунан 131 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолгон. 10 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Ысык-Көл облусунан 131 тонна жашылчалар Казакстан, Орусия, Ооганстан өлкөлөрүнө экспорттолгон.
- Жалал-Абад облусунан 69 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолгон, 15 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Жалал-Абад облусунан 18,7 тонна кургатылган алма, 17,7 тонна каперс, 22 тонна сарымсак экспорттолгон.
"Карантиндик фитосанитардык көзөмөлдүн жүрүшүндө товарлар ичине чейин тыкыр текшерилип, ташылып чыгарыла турган азыктардан үлгүлөр алынды. ТЭИ катышуучулары ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык ташуунун шарттарынын жана сактоо эрежелеринин аткарылышы менен таанышты", - деп айтылат маалыматта.

