Бишкектин айрым бөлүгүндө үч күнгө жаратылыш газы өчүрүлөт
Бишкектин айрым бөлүгүндө үч күнгө жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда "Бишкек газ" кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, “Бишкек газ” кызматы 13-сентябрдан 15-сентябрга чейинки 7 апрель, Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан орто басымдагы газ түтүгүн пландуу оңдоо иштери пландалганын билдирди.
Ага ылайык, 7-апрель, Б.Баялинов, И.Куланов көчөлөрү менен чектелген аймактарда жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат.
“Бишкек газ” кызматы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт. Ошондой эле абоненттерди жаратылыш газын өчүргөндүгүнө түшүнүү менен мамиле кылууну жана энергиянын альтернативдүү булактарына убактылуу өтүүнү суранат", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, өчүрүү иштери алдыдагы күз-кыш мезгилинде газды ишенимдүү жана коопсуз камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө.
