Кыргыз-тажик чек арасында Баткен жана Согди облус башчыларынын кезектеги жолугушуусу болду






Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, жолугушуу бүгүн, 13-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болду. Анда облус башчылары Баткен жана Согди облусунун чектеш аймактарында коомдук коопсуздукту сактоо, тынчтыкты камсыз кылуу максатында мындай жолугушуулар улантыларын белгилешти.
"Облус жетекчилери эл арасында пайда болгон ар кандай түшүнбөстүктөрдүн алдын алуу, чыр чатактарга жол бербөө боюнча, чектеш жайгашкан район акимдерине жана облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине биргелешип иштөө менен коомдук коопсуздукту камсыздоону тапшырышты", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, учурда кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу, күч түзүмдөрү күнүмдүк тартипте иштеп жатат.

