super.kg logo

Жапаров күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктарды тапшырды

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 3-11-сентябрда Бишкек шаарында өткөрүлгөн угуусу начар адамдардын арасында грек-рим жана эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Акылбек Жапаров президенттин атынан спортчуларды дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн келген 250 спортчунун арасынан кыргыз балбандары командалык эсепте үчүнчү орунду ээлегендиги менен куттуктады.

Минкабдын башчысы өлкө дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө артыкчылыктуу көңүл буруп жатканын, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын арасында спортту өнүктүрүүнүн өзгөчө ролун белгиледи.

"Эгемендүүлүк тарыхыбызда алгач ирет Кыргызстанда биринчи жолу дүлөйлөр арасында таэквондо, дзюдо, грек-рим жана эркин күрөш боюнча Азия-Тынч океан чемпионаты өттү. Ошол чемпионатта Кыргызстандын жакшы көрсөткүчтөрүнүн негизинде кийинки дүйнөлүк чемпионатты бизде өткөрүү боюнча чечимдин кабыл алынышы – биз үчүн сыймык болду",- деди Жапаров.

Жолугушуунун соңунда 1-орун алган спортчуларга 100 миңден, 2-орунду ээлегендерге 80 миң сом, 3-орун үчүн 70 миң сомдон акчалай сыйлыктар берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: