super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте Адахан Мадумаровдун тарапташтары митингге чыкты

 

Бүгүн, 13-сентябрда Бишкек шаардык сотунун имаратынын жанында саясатчы Адахан Мадумаровдун тарапташтары митингге чыкты. Анда сүрөт жана видеолор социалдык тармактарга жүктөлдү.

Алар “Эл уулуна боштондук”, “Мадумаровго боштондук”, “Мыйзамсыздыкка жол жок” деп кыйкырып жатышат.

Белгилүү болгондой бүгүн шаардык сотто мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип убактылуу кармоочу жайга камалган Адахан Мадумаровдун жактоочуларынын арызы каралат.

Сот жабык болору айтылып, ага журналисттер да киргизилбей жатканы кабарланды.

Эскерте кетсек, эл өкүлү Адахан Мадумаров 2-сентябрда ИИМдин кызматкерлери тарабынан кармалган. Ушул эле күнү ага карата Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан 24-октябрга чейин камакка алуу чечими кабыл алынган.

Буга чейин Башкы прокуратура депутатты 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксат сурап, парламентте түзүлгөн комиссия ага макулдук берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: