Айыл чарба министрлигинде “Мыкты чарбакер” сынагы жарыяланды
Айыл чарба министрлиги "Мыкты чарбакер" сынагын жарыялады. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда аталган министрликтен билдиришти.
Маалым болгондой, 20-октябрь Агро өнөр жай комплексинин кызматкерлеринин күнү – кесиптик майрамына карата Агро өнөр жай комплексинин кызматкерлеринин (дыйкан-фермерлер) жана ишканаларынын арасында “Мыкты чарбакер” сынагы жарыяланды.
Ага ылайык, сынак айыл чарба тармагында төмөнкү 14 номинация боюнча өткөрүлөт:
– органикалык чарбаны өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн;
– балык тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн;
– агроөнөр жай комплексиндеги мыкты инновация үчүн;
– айыл чарба чөйрөсүндөгү мыкты стартап үчүн;
– агроөнөр жай комплексиндеги илимий жетишкендиктери үчүн;
– мал чарбасындагы жетишкендиктери үчүн;
– мелиорациядагы жетишкендиктери үчүн;
– мыкты механизатор;
– мыкты багбан;
– мыкты ветеринар;
– үлгүлүү асыл тукум чарбасы;
– үлгүлүү үрөнчүлүк чарбасы;
– үлгүлүү айыл чарба кооперативи;
– мыкты айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү жана өндүрүүчү.
Белгилей кетсек, сынактын жеңүүчүлөрү баалуу белектер менен сыйланышат. Аталган сынак Агро өнөр жай комплексинин кызматкерлеринин жана айыл чарба ишканаларынын ишкердикти өнүктүрүүдөгү, айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканаларында айыл чарба жана өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүдөгү, жаңы жумуш орундарын түзүүдөгү ишмердүүлүгүнө дем берүү максатында уюштурулуп жатат.

