super.kg logo

Суусамыр-Талас-Тараз жолун курууда желген акчанын 2 миллион сомго жакыны кайтарылды

 

“Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Таластагы филиалынын кызмат адамдары Суусамыр - Талас - Тараз унаа жолуна бөлүнгөн каражатты ыйгарып алышкан. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Кабарлангандай, УКМК тарабынан Талас облусунун аймагында инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик каражаттарды уурдоо менен байланышкан коррупциялык схемаларды жоюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Талас облусундагы филиалынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттери аныкталды.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Таластагы филиалынын кызмат адамдары тарабынан Суусамыр - Талас - Тараз унаа жолунун курулушуна каралган акча каражаты ыйгарылып алынганы тастыкталды.

Көрүлгөн тергөө жана ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгында мамлекеттин бюджетине 1 миллион 900 миң сом кайтарылды.

Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо, ошондой эле аларды жоопкерчиликке тартуу боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: