super.kg logo

Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы алакаларды бекемдөө маселеси талкууланды

 

Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев аталган өлкөнүн Тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министрлигинин чет өлкөлөрдөгү италиялыктардын иштери жана миграция саясаты боюнча башкармалыгынын башкы директору Л. Виньяли менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалымдалгандай, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар консулдук тармактагы эки тараптуу кызматташуунун кеңири спектрин талкуулашты. Атап айтканда, Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы коопсуздук, социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо жаатында кызматташууга багытталган ченемдик-укуктук базаны кеңейтүү, айдоочулук күбөлүктөрдү конвертация маселелери талкууланды.

Өкмөттүн "Flussi" токтомунун алкагында жакынкы жылдарга Кыргызстандын жарандарын Италияда легалдаштырылган ишке орноштуруу маселесин иштеп чыгууга өзгөчө көңүл бурулду.

Италияда жашаган кыргызстандыктардын көп диаспорасын эске алып, элчи тиешелүү келишимдерди кароо процедурасын тездетүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчүн билдирди.

Башкы директор Л.Виньяли белгиленген маселелерди ишке ашырууда болгон колдоону көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында жакынкы аралыкта Кыргызстан менен Италиянын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда консулдук консультацияларды өткөрүү маселесин кароо боюнча макулдашууга жетишилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: