"Рабия, Алия, Асия". Ошто үч эм төрөлдү
Ошто үч эм төрөлдү. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 27-август күнү Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Гүлжамал Каратаева Ош шаардык төрөт стационарында үч эмди операция жолу менен жарык дүйнөгө алып келди.
"Эненин жана ымыркайлардын абалы жакшы. Бул күнгө чейин Гүлжамал бир кыздын энеси болсо, эми минтип үч кызды төрөп төрт баланын энеси болгонуна кубанычында чек жок. Кыздардын ысымын Рабия, Алия жана Асия деп аташкан. Ымыркайлар бүгүн энеси менен биргеликте канааттандырарлык абалда үйгө чыгарылды", - деп айтылат маалыматта.
Ош шаардык клиникалык ооруканасынын төрөт стационарында быйылкы жылы үч эмдин төрөлүшү бешинчи ирет катталып жатканы кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:30
2025-07-07

19:43
2025-07-07

18:53
2025-07-07

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.