Москвадагы үрөй учурган кылмыш: Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты
Москва шаарында кечээ, 12-сентябрда бир эле күндө башы кесилген абалда эки адамдын жансыз денеси табылган окуя боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги үн катты.
Ага ылайык, расмий маалымат алуу үчүн Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москванын Головинский райондор аралык тергөө бөлүмүнө кайрылган.
"Белгилүү болгондой бул факты боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин 1-бөлүгүнүн (Киши өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон. Учурда элчиликтин катышуусунда маркумдун өздүгүн жана анын Кыргызстандын жараныбы же жокпу аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, кечээ Москвада эки адам башы кесилген абалда табылгандыгы кабарланган.
Ал эми бүгүн Орусиянын айрым жалпыга маалымдоо каражаттары башы кесилген абалда табылган жарандардын бири кыргызстандык экенин жазып чыккан.
