super.kg logo

Бишкектеги имараттардын фасаддары жаңыланууда

 

Бишкектеги имараттардын фасаддары жаңыланууда. Бул туурасында калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, Биринчи май районунда Ч.Айтматов проспектисинин боюндагы чарбалык субъекттердин кире бериши, маалымат түзүмдөрү жана жарнак такталары демонтаждалгандан кийин «Бишкек башкыархитектура» муниципалдык ишканасынын эскиздик долбооруна ылайык чарба жүргүзүүчү субъекттер өздөрүнүн фасаддарын иретке келтире башташты.

Алсак, №16, 18, 24а, 32, 40, 50, 54, 58, 64а даректеги имараттарында фасад иштери жүрүп жатат.

Свердлов районунда Абдрахманов көчөсүндөгү №135, 129 үйлөрдүн фасадын сырдоо иштери жүрүп жатат, ал эми №119 үйдүн фасадын жаңылоо пландалууда.

Белгилей кетсек, буга чейин акимчиликтин кызматкерлери «Бишкекбашкыархитектура» МИ, Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы МАБ менен биргеликте чарбалык субъектилерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ошондой эле эскиздик долбоорлорун таратышкан.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: