Бишкекте Логвиненко көчөсүн бойлой Л.Толстой көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин эки тарабында тротуар оңдолууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, Киев көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейин күн чыгыш тарабына сугат лотоктору жана тротуарлардын бордюрлары орнотулду. Токтогул көчөсүнөн батыш тарабындагы Москва көчөсүнө чейин ирригациялык системаны орнотуу иштери 80 пайызга аткарылып, бордюр орнотуу иштери аяктады.
Мындан тышкары, Логвиненко көчөсүнүн чыгыш тарабында Токтогул көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин бордюр орното башташты.
Ошондой эле Москва көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин бордюр жана ирригациялык системаны орнотуу иштери аяктады. Тротуардын негизин даярдоо иштери башталат.
"Аба ырайынын шартына байланыштуу Логвиненко көчөсүндөгү тротуардын капиталдык оңдоо иштерин келерки айдын башына чейин бүткөрүү пландалууда", - деп айтылат маалыматта.
Бишкекте Логвиненко көчөсүндөгү тротуар жаңыланууда




Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
2:41
2025-07-02
0:26
2025-07-02

23:45
2025-07-01

22:42
2025-07-01

20:55
2025-07-01

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.