Мектепте мугалимдердин китеп сатуусу: Октябрдын 70 жылдыгы мектебинин директору жооп берди
Буга чейин Оштогу Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн тургуну порталыбыздын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө №63 Октябрдын 70 жылдыгы орто мектебинин мугалимдери шоппер жана китеп сатып жаткандыгы тууралуу кабарлаган.
Бул боюнча бүгүн, 14-сентябрда аталган мектептин директору Мамасалы Ташиевге байланышып төмөндөгүдөй жооп алдык.
"Биздин мектепте "Ата-энелер мектеби" деген шопперди кыйнап сатышпайт. Ал шоппер бир гана ата-энелер үчүн, окуучулар үчүн эмес. Мектепте ата-энелер үчүн да балдарды окутуу боюнча сабак болот. Сабакка каалаган ата-эне катыша алат. Биз эч кимди кыйнабайбыз. Сиздерге жалган маалымат бериптир. Ал шопперден бир эне бирди эле алат.
Ал эми китеп боюнча айта кетсем мугалимдер эч качан китеп саткан эмес. Андай нерсе жок бизде. Биздин мектеп өзү кичинекей эле айыл мектеби болсо, кантип базарда жок китептерди мугалимдер сатышсын", - деди Ташиев.
