БУУда Кыргызстандагы Балдардын укуктарын коргоо боюнча бешинчи жана алтынчы баяндамалар каралды
Үстүбүздөгү жылдын 12-13-сентябрында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Женева шаарындагы (Швейцария) бөлүмүндө БУУнун Балдардын укуктары боюнча комитетинин 94-сессиясынын алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун балдардын укуктары жөнүндө Конвенциясынын аткарылышы тууралуу Кыргызстандын бириккен бешинчи жана алтынчы мезгилдүү баяндамасы каралды. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентбярда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Белгиленгендей, БУУнун Балдардын укуктары жөнүндө Конвенциясынын аткарылышы тууралуу КРнын бириккен бешинчи жана алтынчы мезгилдүү баяндамаларын берүү максатында министрлер кабинетинин ушул 23-августундагы буйругу менен расмий делегация түзүлүп, ага балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева жетекчилик кылган.
Делегациянын курамына эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алабева, ИИМ министринин орун басары Эркебек Аширходжаев жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирди.
Баяндаманы коргоонун алкагында делегация мүчөлөрү БУУнун Баланын укуктары боюнча комитетинин балдардын укуктары жөнүндө конвенцияны ишке ашыруу боюнча бир катар суроолоруна жооп беришти. Диалогдун жүрүшүндө комитеттин мүчөлөрү тарабынан социалдык, билим берүү, медициналык саясат, ошондой эле коопсуздук жана Ювеналдык юстиция жаатындагы маселелер козголду.
Делегация мүчөлөрү тарабынан өлкөнүн эл аралык нормаларды сактоо жаатындагы сиңирген эмгеги, ошондой эле биздин өлкөдө баланын кызыкчылыгын сактоо боюнча мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чаралар белгиленди.
Делегация мүчөлөрү тарабынан өлкөнүн эл аралык нормаларды сактоо жаатындагы сиңирген эмгеги, ошондой эле биздин өлкөдө баланын кызыкчылыгын сактоо боюнча мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чаралар белгиленди.



