"Бишкек асфальт сервис" муниципалдык ишканасы аялдама комплекстеринин аймактарын кеңейтүүнү жана жакшыртууну улантууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, кызматкерлер учурда Манас проспектисиндеги, "Шампан винкомбинат" заводунун аялдамасынын комплексин жакшыртуу боюнча иштерди аяктоодо.

Ага ылайык, шаардыктардын жана унаа ээлеринин ыңгайлуулугу үчүн аялдама 3 метрге жылдырылды. Узундугу 42 чарчы метр, комплекстин аянты дээрлик 3 чарчы метрге жетет, чөнтөктөр да 3 метрди түзөт.

"Ушундай эле иштер Чүй проспектисинин Манас проспектиси менен кесилишинде, филармониянын аялдамасы менен кесилишинде башталды. Эски комплекс демонтаждалып, 90 тонна таштанды чыгарылып, бордюрларды, плиталарды жана сугат түтүктөрүн орнотуу иштерин баштоо пландалууда. Аялдама аянтчасын асфальттап, жаңы комплексти орнотуп, белгилөө иштерин баштайбыз. Иш 10 күндүн ичинде бүткөрүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Учурда жумушчулар Шабдан Баатыр жана Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдамага асфальт-бетон аралашмасын төшөө иштерин башташты. 120 метр жолду 3 метрге кеңейтилди. Демонтаждоо иштери аяктап, бордюрлар орнотулуп жатат. Бул жер тилкесиндеги аялдама кеңейтилип, жылдырылды.

Ошондой эле Фучик көчөсүн бойлой Чүй проспектисинен Жибек Жолу проспектисине чейин 4 даана эски аялдамалар демонтаждалып, учурда аймактарды иретке келтирүү иштери жүрүп жатат.