super.kg logo

Ливиядагы суу ташкынында каза болгондордун саны 8 миңден, жоголгондор 10 миңден ашты

 

Ливияда жамгыр жана селдин кесепетинен 8 миңден ашуун адам каза болуп, дагы 10 миң адам дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу Ливия парламентинин спикери Al-Arabiya агенттигине билдиргенин, чет элдик басылмалар жазышууда.

Анын айтымында, табигый кырсыктын чордонуна айланган Дерна шаарынан 30 миңден ашуун адам эвакуацияланган. Аталган аймак Ливиянын башка калктуу конуштарына караганда суу каптоодон көбүрөөк жабыр тарткан. Дерна шаарынын мэри Абдель Манам аль-Гайти билдиргендей, бийлик мындан да көп жоготуулардын саны 20 миңге жетиши мүмкүн экенин айткан.

Элдин көбү деңизге агып кеткендиктен, балыкчылар сөөктөрдү кармоо үчүн торлорду колдонууга мажбур болуп жатышканы кабарланды.

Эскерте кетсек, 10-сентябрда "Дэниэль" бороону Ливиянын чыгышын каптаган. Анын кесепетинен жээкте жайгашкан Бенгази, Дерна жана Жабал аль-Ахдар шаарлары жабыркады. Суу үйлөрдү жана жолдорду талкалап, өкмөт өзгөчө кырдаал жарыялады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: