super.kg logo

"Sputnik Молдова" агенттигинин башчысы Молдовадан чыгарылды

 

Молдова бийлиги Sputnik Moldova агенттигинин жетекчиси Виталий Денисовго өлкөгө кирүүгө тыюу салды. Бул тууралуу ал РИА Новости агенттигине билдирген.

Денисовдун айтымында, ал "улуттук коопсуздукка коркунуч келтирет" деген жүйө менен өлкөдөн чыгарылган. Аны менен бирге ага Молдовага 10 жылга кирүүгө тыюу салынган.

"Мага Молдованын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирген адам катары өлкөдөн чыгып кетүүм керектиги тууралуу чечимдин көчүрмөсү берилди. Ошондой эле он жылга өлкөгө кирүүгө тыюу салынды", - деди журналист.

Белгилей кетсек, 2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага кол салгандан кийин Молдованын Маалымат жана коопсуздук кызматы "Sputnik Молдова" агенттигин бөгөттөгөн. Ал аракетин "улуттук коопсуздукка тийиштүү туура эмес маалыматтардын" тарап кетүү тобокелдиги менен түшүндүргөн. Орусиянын элчилиги Молдованын бийлигинин бул ишин сындап, айтылган айыптарды объективдүү эмес жана саясатташкан деп билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: