super.kg logo
  Спорт  

Ысык-Көлдө триатлон боюнча  Борбордук Азия чемпиондугу  өттү

 

9-10-сентябрда Ысык-Көлдүн жээгинде триатлон боюнча Азия Кубогу жана Борбордук Азия чемпиондугу өттү. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалым болгондой, мелдештин биринчи күнүндө Кыргызстан, Япония, Германия, Австрия, Казакстан, Өзбекстан, Иран, БАЭ, Гуам, Австралия, Сирия, Индия, Сингапур, Азербайжан, Тайвандын атынан чыккан жүздөгөн профессионал спортчулар катышты.

Элиталык категорияда байге фонду 6 миң долларды түздү. Сыйлык акчалай сыйлык эң мыкты беш эркек спортчуга жана беш мыкты спортчу кызга бөлүштүрүлдү. Аялдар арасында трек боюнча алтын медалды казакстандык спортчу Екатерина Шабалина жеңип алды. Эркектер арасында германиялык Крис Зейхмер жеңишке жетти.

15 жашка чейинки категорияда (13-15 жаш) Казакстандын спортчулары жеңишке жетишти. Алсак, кыздар арасында Арина Давыдова, өспүрүмдөр арасында Рамазан Айнегов байгеге ээ болду.

10-сентябрда болсо 150гө жакын триатлон сүйүүчүлөрү арасында мелдештер уюштурулду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: