super.kg logo
  Саясат  

Эдил Байсалов Эл аралык миграция уюмунун директору менен жолукту

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) Түштүк-Чыгыш Европа, Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча аймактык директору Манфред Профаци менен жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Иш-чарада Эдил Байсалов 1997-жылдан бери жалпы суммасы 33 миллион долларды түзгөн 80ден ашуун миграциялык долбоорлорго колдоо көрсөтүп келе жаткан ЭМУнун аймактык жетекчилигине ыраазычылык билдирди.

Учурда биз миграциялык агымдардын жылышына кылдат байкоо жүргүзүп жатабыз, анын ичинде Кыргызстандын жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген эмгек мигранттары үчүн жагымдуулугу өсүп жатканын көрүп жатабыз. Адам сатуу сыяктуу терс көрүнүштөрдүн, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу жаңы глобалдык чакырыктардын алдын алууда жана ага каршы күрөшүүдө Министрлер кабинети ЭМУнун техникалык жардамына ишенет”, - деди Эдил Байсалов.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ошондой эле Кыргыз мигранттарынын кызыкчылыктарын коргоо, эмгек миграциясын башкаруунун заманбап системасын өнүктүрүү боюнча натыйжалуу саясатты жана стратегияларды иштеп чыгуу жаатында кызматташуу маселелери талкууланды.

Өз кезегинде Манфред Профаци миграция маселелери боюнча Кыргызстанды колдоого жана мындан ары кызматташууга даяр экенин ырастады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: