super.kg logo

Медеткан Шеримкулов Эгемендүүлүк майрамын Баткенде белгилөөнү сунуштады

 

Өлкөнүн Эгемендүүлүк майрамын келерки жылы Баткенде өткөрүү сунушталды. Мындай демилгени парламенттин 14-сентябрдагы жыйынында Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Медетбек Шеримкулов көтөрдү.

"Кыргызстан өз алдынча мамлекет болуп, тереториясын, элин белгилеп, башка мамлекеттер менен өзгөчө коңшу республикалар менен чек арабызды тактап алууга чоң салымын кошкондордун бири Абдыкадыр Орозбеков. Кыргыз өлкөсүнүн экономикасын, социалдык, маданий, руханий дүйнөсүн көтөрүүгө эң чоң эмгек жасагандардын сап башында турат. Мен келерки жылкы Эгемендик майрамын Баткенде өткөрүүнү сунуштайт элем. "Кыргызстан Баткенден башталат" деп президентибиз өзү айтып келет. Андыктан, Баткенден баштасак", - деди Шеримкулов.

Ал бул кадам менен Кыргызстандын биринчи президентинин эмгегин туура баалоого жана даңазалоого жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөрүн айтты.

Эскерте кетсек, Эгемендүүлүктүн 32 жылдык мааракеси быйыл Ош шаарында белгиленген.

Бүгүн, 14-сентябрда парламентте белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, академик, Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жана Мыйзам чыгаруу жыйындарынын төрагасы Абдыганы Эркебаевдин 70 жылдыгына карата маарекелик иш-чара өттү. Ага Медеткан Шеримкулов баштаган бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышты.






Медеткан Шеримкулов Эгемендүүлүк майрамын Баткенде белгилөөнү сунуштады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: