super.kg logo

Антальяда изделип жаткан Эркингүл Бектурганова аман-эсен табылды

 

Антальяда изделип жаткан Эркингүл Бектурганова аман-эсен табылды. Бул тууралуу анын жакындары билдирди.

"Буюрса, Эркингүл Бектурганова эжебиз аман-эсен табылды. Азыркы учурда Орусияда, уулунун жанында. Маалыматтык колдоо көрсөткөн SUPER.KG сайтына ыраазычылык билдиребиз. Кабар чыккан күнү Антальядагы консул Жанат Расулжанов, кызматкер Рахим Мансуров жана "Кыргыз Айымдары" коомунун жетекчиси Периза Асаналиева байланышка чыгышты. Эжебиздин жүргөн жерин бир күндө аныктап, ошол күнү барып Антальянын Aglasun жайлоосунан таап, алып келишти. Ден соолугу начарлагандыктан төрт күн Антальяда карашып, андан соң уулунун жанына Орусияга учак менен узатышты. Ыраазычылык билдирип, иштерине ийгиликтерди каалайбыз",- деди жакындары.

Эске салсак, 5-сентябрда Эркингүл Бектурганованын жакындары анын Анталья шаарында жоголуп кеткенин айтып кайрылышкан. Ал 22-августтан бери дайынсыз болуп жаткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: