Бишкекте жарым марафон өтөрүнө байланыштуу айрым көчөлөр жабылат
17-сентябрда Бишкекте Ак илбирсти сактоо боюнча эл аралык кайрымдуулук жарым марафону өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, буга байланыштуу жарыштын маршруту өтө турган көчөлөр жабылат.
Ага ылайык, 17-сентябрда саат 06:00дөн 10:00гө чейин төмөнкү көчөлөрдүн айрым тилкелери жабылат:
- Чүй проспектиси Манас проспектисинен Ю. Абдрахманов көчөсүнө чейин;
- Абдрахманов (Совет) көчөсү Чүй проспектисинен Иманалиев көчөсүнө чейин;
- Иманалиев көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Ч.Айтматов проспектисине чейин;
- Масалиев көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Ч.Айтматов проспектисине чейин;
- Ч.Айтматов проспектиси Иманалиев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин.
"Баштапкы төгүмдөрдүн каражаттарынын бир бөлүгү жыл сайын кайрымдуулук иштерине жумшалат. Иш-чара 5000 адамдын катышуусу менен "Ала-Тоо" аянтында өтөт. Жарыштын алкагында 1 чакырым, 5 чакырым, 14 чакырым, 21,1 чакырым аралыктар, ошондой эле 3 жаштан 9 жашка чейинки балдар үчүн жарышы каралган", - деп айтылат маалыматта.

