super.kg logo

Автотранспорт каражаттарын онлайн түрдө кайра каттоо боюнча пилоттук долбоор ишке кирди

 

Ички иштер министрлиги Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте автотранспорт каражаттарын онлайн түрдө кайра каттоо боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизишти. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда ИИМден билдиришти.

Маалым болгондой, пилоттук долбоор президенттин администрациясынын демилгеси менен иштелип чыккан жана "РСК Банк" ААК платформасында ишке ашырылды.

"Онлайн кайра каттоо үчүн ИИМдин “Унаа” мекемесинин бөлүмдөрүндө унаа фото-видео кароодон өтүш керек, визуалдык текшерүүнүн маалыматтары базада 30 күн сакталат.

Онлайн кайра каттоо “RSK 24” тиркемесинин колдонуучулары үчүн жеткиликтүү болот.
Эгерде айып пулу жок жана транспорт каражаты камакка алыбаган учурда, сиз унааны онлайн сатууга мүмкүнчүлүгүңүз болот", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары мекемеден жакынкы келечекте онлайн кайра каттоо башка төлөм тутумдарында да жеткиликтүү болорун кошумчалашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: