Роскомнадзор 24.kg сайтынын жаңылыктарына бөгөт койду
Роскомнадзор 24.kg маалымат агенттигинин жаңылыктар лентасына кирүүгө тыюу салды. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда аталган басылманын сайтында жарыяланды.
Маалым болгондой, сайтка бөгөт коюлганы кечээ, 13-сентябрда басылманын Орусиядагы окурмандары сайтка кире албай жатканын билдиришкенде белгилүү болгон.
Басылма жарыялаган макалада былтыр күздө редакцияга Роскомнадзордон айрым кабарларды өчүрүүнү талап кылган бир нече кат келгени айтылат. Алардын баары Украинадагы окуяларга байланыштуу болгон. Бирок 24.kg сайты макалаларды өчүрүүдөн баш тарткан. Себеби жарыяланган кабарларда Кыргызстандын мыйзамдары бузулган эмес.
Роскомнадзордун сайтынын өзүндө да 24.kg сайтынын баракчасына кирүү чектелгени айтылууда. Бирок окурмандардын айтымында, бул ресурстун айрым баракчалары эмес, бүтүндөй сайт бөгөттөлгөн.



