Руслан Казакбаев Түркиянын маданият жана туризм министри менен жолугушту
Кечээ, 13-сентябрда Элчи Руслан Казакбаев Түркиянын Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, жолугушууда маданий-гуманитардык, ошондой эле туризм тармагындагы эки тараптуу кыргыз-түрк кызматташтыгынын бир катар актуалдуу маселелери талкууланды.
Министрликтин алдында ушул жылдын сентябрынан ноябрь айына чейин өткөрүлүп жаткан "Түркиянын маданий жолу" фестивалынын алкагында Кыргызстандын Түркиядагы маданият күндөрүн уюштурууга өзгөчө көңүл бурулду.
Ага ылайык, өкмөттөр аралык башка келишимдер менен бирге маданий борборлорду ачуу боюнча келишимди да бекитүүнүн ички жол-жоболорун тездетүү жөнүндө макулдашууга жетишилди.
Министрликке караштуу Түрк кызматташтык жана координация агенттиги аркылуу эки тараптуу кызматташуу маселелери өзүнчө көтөрүлдү.
"Элчи Руслан Казакбаев ТИКАнын ишмердүүлүгүн жогору баалап, агенттиктин Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көрсөткөн көп жылдык колдоосу жана жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. Ошону менен бирге ал ири долбоорлорду мындан ары ишке ашырууга жана жалпысынан Кыргызстанда долбоордук иш-чараларды кеңейтүүгө өзгөчө кызыкдар экенин билдирди", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле маалыматта 2023-жылдын октябрь айында Түркиянын президенттик комплексинде биргелешкен маданий иш-чараларды уюштуруу маселелери талкуулангандыгы кабарланды.

