Акыйкатчы Казакстандын акыйкатчысына абактагы Кыргыз жараны боюнча кайрылуу жасады
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Алматы шаарында кармалган кыргызстандык Эрмек Маркабаевдин иши боюнча Казакстандын акыйкатчысы Артур Ластевге кайрылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда Акыйкатчынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жаманбаева кесиптешин эки өлкөнүн Акыйкатчы институттары ортосунда кол коюлган кызматташуу меморандумуна ылайык, кыргызстандыктардын укуктарын коргоого көмөктөшүүгө чакырды.
Буга чейин Эрмек Маркабаевдин эжеси Жылдыз Акыйкатчы институтуна кайрылып, бир тууганынын укугун коргоп, мекенине кайтарууга көмөк көрсөтүүнү суранган.
Белгилүү болгондой, Алматы шаарындагы ири базарлардын бири болгон “Алтын Ордо” базарынын аткаруучу директору Эрмек Маркабаев Казакстандын укук коргоо кызматкерлери тарабынан ушул жылдын 2-июнунда кармалган. Жактоочунун айтымында, Эрмек Маркабаевди кармоо Казакстандын мыйзамдарын бузуу менен жасалган.
Камакка алынган видео социалдык тармактарга да жарыяланган. Жактоочу видеодо Маркабаевдин чөнтөгүнө порошок салынган пакет ыргытылган учурлар бар экенин айтууда.
Акыйкатчы институту Тышкы иштер министрлигине кармалган кыргызстандыктын укугун коргоо боюнча кайрылуу жолдогон. Министрлик бул боюнча юридикалык жана консулдук кызматтар көрсөтүлүп жатканын, дипломатиялык жол аркылуу тиешелүү ноталар жөнөтүлгөнүн билдирген.
Мындан тышкары, Кыргызстандын Алматыдагы Башкы консулдугу Маркабаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Анда Маркабаев андан коркутуу жолу менен базардын 20 пайызын тартып алуу максатында ага маңзат ыргытышканын айткан. Учурда ишти Алматы полициясы тергеп жатат.
Буга чейин Тышкы иштер министрлиги Казакстанда кармалган кыргыз ишкери тууралуу маалымат тараткан. 24-августта болсо кармалган жарандын жакындары Бишкекте тынчтык акциясын уюштурушкан.



