super.kg logo

Молдованын туңгуч президенти Мирча Снегур көз жумду

 

Кечээ, 13-сентябрда Молдованын биринчи президенти Мирча Снегур каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн мурдагы вице-премьер-министри Константин Тампиза социалдык тармактагы баракчасында жарыялады.

"Өтө өкүнүчтүү... 13-сентябрда саат 23:30 чамасында Молдова Республикасынын биринчи президенти Мирча Снегур айыккыс дарттан улам каза болду", - деп жазды Тампиза.

Маалым болгондой, Мирча Снегур 82 жашта болгон. Анын сөөгү Кишиневдун борбордук көрүстөнүнө коюлат. Молдованын азыркы өлкө башчысы Майя Санду Снегурдун өлүмүнө байланыштуу 16-сентябрды улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.

"Снегур мырза тарыхый доорлордо жашап, Молдованын көз карандысыздыгын, эркиндигин жана эгемендүүлүгүн ишке ашырууда маанилүү роль ойногон. Мен анын үй-бүлөсүнө, туугандарына жана Мирча Снегурду тааныган, баалагандардын баарына чын жүрөктөн көңүл айтам",- деп билдирген Санду.

Мирча Снегур 1940-жылы 17-январда Молдованын Трифанести айылында туулган. Кесиби боюнча агроном, айыл чарба илимдеринин доктору деген илимий даражага ээ болгон. Өлкөнүн айыл чарбасында, Молдованын түндүк аймактарында ар кандай жетекчилик кызматтарда иштеген.

1989-жылдын 26-мартында СССРдин Жогорку Советинин депутаты, XI жана XII чакырылыштардын Жогорку Советинин депутаты, XIV чакырылыштагы Молдова парламентинин депутаты болгон. Мирча Снегур 1990-жылдын 3-сентябрынан 1996-жылдын 1-декабрына чейин Молдованы жетектеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: