super.kg logo

Москвадагы үрөй учурган кылмыш: Элчилик сөөк мекенге жөнөтүлөрүн билдирди

 

Кыргызстандын Орусиядагы Элчилиги башы кесилип өлтүрүлгөн Кыргыз жаранынын сөөгү мекенге жөнөтүлөрүн маалымдады. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, Москвада 12-сентябрда башы жок эки адамдын сөөгү табылган. Орусиялык басылмалардын маалыматына караганда, каза болгондордун бири кыргызстандык болгон. Ал эми мыкаачылык менен киши өлтүрүүгө шектүү Өзбекстандын жараны экени кабарланган.

Ага ылайык, укук коргоо органдары бул факты боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин 1-бөлүгү "Киши өлтүрүү" боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин жана анын апасынын катышуусунда аталган адамдын өздүгүн аныктоо иш-чарасынын жыйынтыгында маркум Кыргыз жараны 1994-жылы туулган Б.у.С. болуп чыккан.

"Кыргызстандын Орусиядагы Элчилиги тарабынан каза болгондордун жакындарына зарыл болгон консулдук-укуктук жардамдар көрсөтүлүүдө.

Учурда маркумдун сөөгүн мекенине жөнөтүү маселеси каралууда", - деп билдиришти министрликтен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: