"Поезд дароо токтобойт". Кантта темир жолчулар темир жолдогу коопсуздук эрежелерин эскертти





Кантта темир жолдогу коопсуздук эрежелер тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалым болгондой, кечээ, 13-сентябрда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кант мэриясында темир жолчулар жергиликтүү тургундарга, билим берүү мекемелеринин жана мектептердин окуучулары арасында темир жол коопсуздук эрежелери тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Ага ылайык, кырсыктын негизги себептери болуп темир жолдогу коопсуздук эрежелерин сактабагандыгы эсептелет.
"Кырсыкты алдын алуу үчүн машинисттер поездди чукул токтотушат. Бирок токтотуу аралыгы 800 чарчы метрден 1200 чарчы метрге чейин баргандыгына байланыштуу поезд дароо токтобойт. Темир жолго бөтөн нерселерди, таштарды, металл буюмдарды таштоо фактылары дагы эле катталууда. Мына ушулардын бардыгы поезддердин участокто кечиктирилишине, поезддердин графигинин бузулушуна, натыйжада темир жолдун чыгымга учурашына алып келет", - деп айтылган маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:15
2025-06-30

18:58
2025-06-30

17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
Men_ele

14.09.2023. 23:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аралык чарчы метр менен эсептелбейт. Аянт эсептелет чарчы метр менен.
Men_ele

14.09.2023. 23:21
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Двоечниктер)
Рахманбек

15.09.2023. 01:29
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабаттуураак болгула, туура жазгыла
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.