Бишкекте Эл аралык адабий жана композиторлор музейлер комитетинин конференциясы өтүүдө

Маалыматка ылайык, иш-чарага расмий өкүлдөрдөн сырткары ЮНЕСКОнун, ИКОМдун өкүлдөрү жана чет өлкөлүк музей адистери катышууда.
Жыл сайын Бишкек жана Ысык-Көлдө өтүүчү бул конференция 17-сентябрга чейин уланып, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналууда.
Конференцияны алкагында эл аралык кызматташтыктын перспективалары боюнча семинарлар, пленардык дискуссиялар, тематикалык секциялардан тышкары катышуучулар үчүн атайын маданий программа даярдалган. Анда тарыхый-маданий эстеликтерин көрүү, уникалдуу музей коллекциялары менен таанышуу, салттуу кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстарга катышуу, улуттук тамактардын дегустациясы жана фольклордук музыканын концерттери болот.
Белгилей кетсек, Эл аралык музейлер кеңешинин адабий жана композиторлордун музейлеринин эл аралык комитетинин максаты изилдөө, басма иштери, көргөзмөлөр, адабий тарыхый-биографиялык музейлер жана композиторлор музейлери үчүн билим берүү жана ишмердүүлүктү өнүктүрүү болуп саналат. Анын мүчөлөрү жылына бир жолу маалыматтык бюллетенин алышат жана жылдык конференцияларга, бир нече жумушчу топтордун иш-чараларына катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.