super.kg logo

Казакстанда "Камызяки" тобунун концертине уруксат берилбей турган болду

 

Казакстанда "Камызяки" КВН командасынын концерттери токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда казак басылмалары жазып чыкты.

Маалым болгондой, "Камызякинин" Алматы жана Астанадагы концерттерине казакстандыктар нааразычылыгын билдиришкен. Буга аталган топтун Украинанын Орусия аннексиялап алган Донецк облусунда концерт койгону себеп болгон.

Буга чейин 13-сентябрда Казакстандын ири инвестициялык платформалары “Камызякинин" билеттерин сатуудан алып салышкан. Алардын концерттери 5-октябрда Алматыда, 7-8-октябрда Астанада өтүшү керек болчу.

Alash.online платформасында Казакстандагы "Камызяки" концерттерин токтотуу боюнча петиция болгон. Жарнамада топтун мүчөсү, этностук казак Азамат Мусагалиевдин куудул Нурлан Сабуров менен ТНТ каналында казак тилин "шылдыңдаганы" жана анын командасы "басып алынган Донецкте концерт койгону" айтылат. Петицияда 18 миңден ашык добуш топтолгон.

Белгилей кетсек, бул орусиялык өнөр ышкыбоздорунун Казакстанда жокко чыгарылган биринчи концерти эмес. Буга чейин Украинага каршы согушту колдогон ырчы Григорий Лепстин концерти токтотулган. Ошондой эле согушту колдогон актёр Сергей Глушко катышкан спектакль да коюлбай калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: