Экология министрлигине 626 миллион сом бөлүндү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине 626,7 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда Финансы министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, 2023-жылга аталган министрликке 1 миллиард 134,8 миллион сом суммасында каражат каралган.
Анын ичинен:
- бюджеттик каражаттар 667,2 миллион сом;
- атайын каражаттар 467,6 миллион сом.
Ага ылайык, 2023-жылга каралган каражаттардын ичинен 27,8 миллион сом өлчөмүндө каражат Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинде геологиялык иштерди жүргүзүүгө (мамлекеттик заказ) каралган.
Анын ичинде:
- бюджеттик каражаттардын эсебинен 23,4 миллион сом;
- атайын эсептин каражаттарынан 4,4 миллион сом.
"Ошондой эле атайын эсептеги 62,1 миллион сом акча каражаты мыйзамдаштырылган. Калган чыгашалар кызматкерлердин айлык акысына, иш сапарларга, байланыш кызматтарына, транспорттук чыгымдарга, учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алууга, коммуналдык төлөмдөргө жана башкаларга берилет", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми 2023-жылдын 1-сентябрына карата 626,7миллион сом каржыланды.
Анын ичинен:
- бюджеттик каражаттардын эсебинен 462,3 миллион сом;
- атайын эсептерден 164,4 миллион.
