Жогорку Кеңеште мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыганы Эркебаевдин 70 жылдык маарекеси белгиленди





Бүгүн, 14-сентябрда парламент жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар мамлекеттик жана коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин 1-чакырылышынын Эл өкүлдөр жыйынынын, 2-чакырылыштагы Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаевди 70 жылдык маарекеси менен салтанаттуу куттукташты.
Аземге парламенттин мурдагы төрагалары, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер катышты. Анда алгач Абдыганы Эркебаевдин өмүр жолун чагылдырган тасма көрсөтүлдү.
Маареке ээсин 70 жылдыгы менен куттуктаган төрага Шакиев анын ар кандай мамлекеттик кызматтарда сиңирген эмгегин жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымын белгиледи.
"Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун куттуктоосунун текстин окуп берди. Муну менен катар мурдагы экс-спикер Медеткан Шеримкулов, экс-премьер-министрлер Апас Жумагулов, Турсунбек Чынгышев, Конституциялык соттун экс-төрайымы Чолпон Баекова, УИАнын вице-президенти Чолпонкул Арабаев куттуктоо сөзүн айтышты", - деп айтылат маалыматта.
Иш-чаранын соңунда Абдыганы Эркебаев куттуктоолор үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга токтолду.

