Өкмөттө агроөнөр жай тармагынын көйгөйлүү маселелери талкууланды
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев айыл чарба жана агроөнөр жай комплексиндеги көйгөйлүү маселелерди талкуулаган жыйын өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Мааалыматка ылайык, жыйынга тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, ошондой эле Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын өкүлдөрү катышты. Жыйындын жүрүшүндө ассоциациянын өкүлдөрү айыл чарба тармагындагы бизнестин учурдагы абалы жана көйгөйлөрү тууралуу айтып, өзгөчө жумушчу күчү жана квалификациялуу кадрлардын жетишсиздигин белгилешти.
Мындан тышкары алар сугат суунун жетишсиздиги, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө салык салуу, экспортту өнүктүрүү, республиканын аймактарында өнөр жай аймактарын түзүү зарылдыгына басым жасашты. Айтылган көйгөйлөрдү жана маселелерди талкуулоонун жыйынтыгы боюнча бир катар тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
Тактап айтканда, кадр маселеси боюнча Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы менен биргеликте агроөнөр жай тармагына адистешкен кадрларды даярдоонун “дуалдык окутуу программасын” иштеп чыгуу жана эмгекке жарамдуу калкты бул тармакта иштөөгө тартуу учун ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн механизмдерин иштеп чыгуу тапшырылды.
Салык салуу чөйрөсүндөгү маселелер боюнча Экономика жана коммерция министрлигине Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте дыйкан чарбалары үчүн салык тутумун, анын ичинде ата мекендик айыл чарба продукциясына сатуудан алынуучу салыкты, каттоо жол-жоболорун оптималдаштыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырылды.

