Маалым болгондой, 14-сентябрда №20 кесиптик лицейинде троллейбус айдоочулукка окууга тапшырган окуучулар үчүн алгачкы таанышуу сабагы болуп өттү.
Ага ылайык, сабакка троллейбустун айдоочусу болууну каалаган 27 студент катышты. Лицейдин резервинде жалпысынан 50дөн ашык адам каттоодо турат.
Белгилей кетсек, №20 кесиптик лицейи Бишкек шаарындагы троллейбус айдоочуларын даярдаган жалгыз окуу жай болуп саналат.
"Айдоочуларды даярдоо профессионалдык деңгээлде, троллейбустарды башкарууда чоң практикалык тажрыйбасы бар, жогорку категориядагы мугалимдер тарабынан жүргүзүлөт.
Практика троллейбус башкармалыгы тарабынан камсыздалат. Ошондой эле студенттерге окуу учурунда стипендия төлөнөт.
Курсту ийгиликтүү аяктаган студенттерге жумушка орношууга кепилдик берилет", - деп айтылат маалыматта.
Бишкекте троллейбус айдоочусунун окуусуна тапшырган студенттер үчүн тааныштыруу сабагы өттү
Бишкекте троллейбустун айдоочусу адистиги боюнча билим алып жаткан студенттер үчүн тааныштыруу сабагы өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.