Бишкекте унаа токтотуучу жайларда, өзгөчө техникалык тейлөө станцияларынын (СТО) жанында кароосуз калган унаалар алынат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, Биринчи Май районунда №15 МАБнын кызматкерлери Волков көчөсүндө П.Лумумба көчөсүнөн Садыгалиев көчөсүнө чейинки бөлүктө кароосуз калган, туура эмес жерде токтогон унаалардын ээлерине жана техникалык тейлөө станцияларынын ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүлдү. Ага байланыштуу 13 унаанын ээсине билдирүү таратылып, унааларга эскертүүлөр чапталды.

Ага ылайык, билдирүүнү алгандан кийин ыйгарым укуктуу орган беш күндүк мөөнөттө транспорттук каражатты эвакуациялоону жүзөгө ашырат, ал эми эвакуатордун жана унаа токтотуучу жайлардын чыгымдарын кыймылдуу мүлктүн ээлери көтөрөт.

Белгилей кетсек, бул чаралар муниципалдык жерлерди жана имараттарды инвентаризациялоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" Кодексинин 188-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жүргүзүлүүдө.

Маалыматта суроолор боюнча Кайназарова көчөсү, 102 дарегине кайрылып, 0(702) 222 827 номерине байланышууга болору маалымдалды.