super.kg logo

"25 жылга эркинен ажыратылат". АКШнын президентинин уулуна үч берене боюнча айып тагылды

 

АКШнын президенти Жо Байдендин уулу Хантерге ок атуучу курал сатып алууда өзү тууралуу жалган билдирүү жасаган деген үч берене боюнча айып тагылууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Бул АКШ тарыхында иштеп жаткан президенттин уулуна кылмыш иши козголгон биринчи учур болуп жатат.

Коюлган айыптар Хантердин баңгизатка көз каранды болгон учурунда ок атуучу курал сатып алып, аны мыйзамдаштыруу маалында жалган маалымат бергени үчүн коюлууда. Бирок Хантердин айтымында, ал баңгизат колдонбойт.

"Хантер Байден 2018-жылдын октябрында Делавэрдеги курал дүкөнүнөн колт револьверин сатып алган",- деп айтылат соттун документтеринде. Анда Байдендин ок атуучу куралды 11 күн сактаганы жазылган.

АКШнын федералдык мыйзамдарына ылайык, баңгизаттарды колдонуу учурунда мындай документтер боюнча калп айтуу же ок атуучу курал алып жүрүү кылмыш болуп саналат. Басылмалардын мааалыматына караганда, эгер АКШ президентинин уулунун күнөөсү далилденсе, ал 25 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: