Ысык-Көлдө судьялардын эл аралык конференциясы өтүүдө
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында сот адилеттигине жетүү маселелери боюнча судьялардын эл аралык конференциясын өтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, конференцияга жүзгө жакын мамлекеттик кызматкерлер, соттор, юристтер, эл аралык эксперттер жана экологдор катышууда. Ошондой эле иш-чарада Кыргызстандын, Азербайжандын, Армениянын, Казакстандын, Молдованын, Тажикстандын жана Өзбекстандын сот системасынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү бар.
Беш пленардык сессияда 15 баяндама болот. Конференциянын жүрүшүндө экологиялык адилеттүүлүктү алга жылдыруудагы эл аралык тенденциялар жана укук үстөмдүгү, экологиялык процесстик укуктар, экологиялык адилеттүүлүктүн кызыкчылыгында эл аралык кызматташтыкты бекемдөө сыяктуу темалар козголот. Ошондой эле Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө экологияны соттук коргоону ишке ашыруу тажрыйбасы жана экологиялык адилеттүүлүктүн кызыкчылыгында региондук кызматташтыктын келечектери талкууланат.




