super.kg logo

"Мадинанын элеси чагылдырылган". Баткенде Тажикстандын куралдуу кол салуусунан курман болгондорго эстелик орнотулду

 

Бүгүн, 15-сентябрда Баткен шаарында Тажикстандын куралдуу кол салуусу учурунда каза болгондорду эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалымдалгандай, анын алкагында “Жеңиш” паркында чек ара курмандыктарынын элесин түбөлүккө калтыруу максатында тургузулган эстелик мемориалынын ачылышы болду.

Ага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган бийлик өкүлдөрү жана каза болгон жарандардын жакындары катышты.

Ташиев өз сөзүндө мындай каргашалуу окуялар кайталанбашы үчүн мамлекет болгон аракетин жумшап, ар тараптан чараларды көрүп жатканын баса белгиледи. Иш-чаранын катышуучулары шейит кеткендердин эрдиги унутулбай турганын айтышты.

Иш-чаранын катышуучулары каза болгондорго багыштап куран окушту.

Белгилей кетсек, эстелик мемориалында чагылдырылган колуна жети көгүчкөндү кармаган, чек ара окуясынын курмандыгы болгон кичинекей Мадинанын элеси, тынчтыктын, жети облустун биримдигинин символу.

Эстелик мемориалынын автору, жергиликтүү скульптор Абдисапа Калматов.

Эскерте кетсек, 2021-жылы 28-апрелде Тажикстан Кыргызстанга куралдуу кол салуу кылган. Анын кесепетинен 36 кыргызстандык курман болуп, 170тен ашуун тургун жараат алган. Ушул кагылышта атышуу учурунда 12 жаштагы Мадина Рахматжанова окко учкан.

Ал эми 2022-жылы 14-17-сентябрда кайрадан куралуу кол салуу болуп, анда Кыргызстан 63 жаранынан айрылган, 206 киши ар кандай жараат алган. Бир катар социалдык объектилер, турак жайлар талкаланып, өрттөлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: