super.kg logo

Италияда мигранттардын агымына байланыштуу өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

 

Италиянын Жер Ортолук деңизинде жайгашкан Лампедуза аралында бир күндө 6 миңден ашык мигрант келгенине байланыштуу өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Бул тууралуу Le Figaro басылмасы жазып чыкты.

Маалым болгондой, Аралга качкындар 120дан ашык кеме менен келишкен. Бирок Лампедуза бардык мигранттарды кабыл ала албайт, себеби аралда мигранттар үчүн 400 гана орун бар.

Шаршемби күнү кечинде аралдын мэри Филиппо Маннино кырдаалдын олуттуулугунан улам өзгөчө кырдаал жарыялады. Келгендердин арасында жабыркагандар бар. Буга чейин беш жашар баланын сууга чөгүп каза болгону айтылган.

Италиянын тышкы иштер министри Антонио Таяни X социалдык тармагында (мурдагы Twitter) өкмөт Лампедуза шаарынын тургундарына жана аралга келүүнү улантып жаткан мигранттарга жардам берүү үчүн бардык зарыл иштерди билдирди.

Белгилей кетсек, быйыл алты айда 2 миңден ашуун адам, анын ичинде 289 бала Жер Ортолук деңизинен өтүүгө аракет кылып каза болгон. Италиянын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, жыл башынан бери өлкөгө деңиз аркылуу 118 миң 500 мигрант келген.






видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: