super.kg logo
  Саясат  

Алымкадыр Бейшеналиев: "Дарыгерлердин маянасын 1000 долларга көтөрсөк коррупция токтойт" (видео)

 

Дарыгерлерин айлыгын 1000 долларга чейин көтөрсө, саламаттык сактоодогу "маданий пара алуу" токтойт. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда "Ата Журт" фракциясынын жыйынында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев айтты.

Маалым болгондой, эл өкүлү Алишер Козуев дарыгерлердин фармацевтикалык коррупцияга аралашкан учурларына токтолду: алар кайсы бир дарыканаларга же айрым дарыларга рецепт жазып беришет.

"Мен дарыгерлерден алдын ала кечирим сурайм. Бирок чындыгында азыр дарыгерлердин көпчүлүгү фармацевтикалык мафияга аралашкан. Баарыбызга маалым болгондой былтыркы жылы деле бир топ фарм мафияларды уюштургандар кармалган. Учурда дарыгерлер өздөрүнө "доля" ала турган дарыканаларга жөнөтүштү токтоттубу? Же бул иштер дагы деле уланып жатабы? Ошол дарыканалардан кагазга рецепт жазып, 5-10 пайыздан алганы бул коррупция болуп саналат да туурабы?", - деди Козуев.

Ага ылайык, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев дарыгерлердин айлыгын 1000 долларга көтөргөндө гана бул маселе токтоорун маалымдады.

ул маселе боюнча мен министр болуп турганда күрөшө баштаганбыз. Ошол убакта ал токтой баштаган. Сиз айтканды толугу менен токтотуш үчүн медицина кызматкерлеринин маянасын 1000 долларга чейин көтөрүшүбүз керек. Ошондо гана "маданий пара алуу" токтойт эле", - деди министр.






Алымкадыр Бейшеналиев: "Дарыгерлердин маянасын 1000 долларга көтөрсөк коррупция токтойт"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: