super.kg logo

"Үстүнө акча кошуп берем деп...". Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды 

 

Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда Октябрь РИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 12-сентябрда Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына Э.Н. аттуу калаа тургуну "Б." аттуу жаранга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Ал "Сатып, үстүнө акча кошуп берем" деп наркы 312 миң сомго бааланган дары-дармектерди алып, алдап кеткенин айткан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголду.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1973-жылы туулган О.Б. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

"Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу 3 кылмыш фактысын жасоого катыштыгы бар экени аныкталды. Анын кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган жана кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабарлоону суранабыз: 0(700)002 020, 0(700) 065 005 же 102", - деп айтылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: